Башкысы

Жаңылыктар

P1010040Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту – Кыргыз Республикасынын Конституциясын коргоо боюнча сот бийликтеринин жогорку органы. Ал Конституциялык сот иштерин өз алдынча жана көз карандысыз түрдө сот бийлигин жүргүзөт.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотун уюштуруу ага берилүүчү компетенция жана ишмердүүлүк тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тууралуу» мыйзамы, «Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот иштерин жүргүзүү жөнүндө» мыйзамы тарабынан аныкталат.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьяларынын курамы, аларды шайлоо тартиби жана ыйгарым мөөнөттөрү.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тогуз судьядан турат, Кыргыз Республикасынын Президентинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши талапкерлерди талкуулап белгилүү жашка чейинкилерди гана ( 35 жаштан 70 жашка чейин) шайлайт. Жогорку Кеңеш шайлаган Конституциялык соттун судьяларынын бирөөсүн Жогорку Кеңештин макулдугу менен Президент Конституциялык соттун төрагасын жана анын орун басарын 5 жылдык мөөнөт менен дайындайт.